КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
2020-жылдын 16-марты № 1
«Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү акылары жөнүндө»
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү акылары боюнча жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акылары: 1 га кайракы айдоо жер үчүн соц. фонд, жер салыгы менен 500 (беш жүз) сом, 1 га чөп чабынды жер үчүн соц. фонд, жер салыгы менен 1000 (миӊ) сом, 1 га сугат жер үчүн соц. фонд, жер салыгы менен 2500 (эки миӊ) сом болуп бекитилсин.
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба өсүмдүктөрүн айдап себүүдө айыл өкмөтүнүн балансындагы тракторлору менен 1 га жер үчүн 2500 (эки миӊ) сом (соляркасы, маласы, айдоо акысы ичинде), айыл ичиндеги огороддорду айдоого 1 сотугуна 60 (алтымыш) бекитилсин. Менчик тракторлор менен келишим баада жүргүзүлсүн.
- Чөп чабынды жерге 1 га жерди чаап бериши-1500 (бир миӊ) сом, гравилдөөсү-500 (беш жүз) сом, барабандык гравил менен гравилдөө 700 (жети жүз) сомдон бекитилсин.
- Талаачылыктагы буудай, май өсүмдүктөрүн кайтарууга 1 сотугуна 1 кгдан, чөп чабынды, көп жылдык чөптү кайтарууга накталай акча менен 1 га жер үчүн 400 (төрт жүз) сом менен же андан ашпаган келишим баада бекитилсин.
- Айыл өкмөтүнүн АКФнын жерлери үчүн ижара акылары Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде жана аукцион менен берилсин. Аукциондун баштапкы баасы 1000 (миӊ) сом болуп бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышына баш ийбеген атууларга мыйзам чегинде чара колдонуу аймактык тескөөчү К.Камалбековго милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.