КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
2020-жылдын 16-марты № 3/1
“Ак-Сай айылынын Мор-Булак калктуу конушунун тургуну М.Итибаевдин арызын кароо жөнүндө”
Ак-Сай айылынын Мор-Булак конушунун тургуну М.Итибаевдин Мор-Булак калктуу конушунун жанындагы чоң сайдын ичиндеги кумду пескоблок чыгарып иштетүүгө бериңиз деген мазмундагы арызын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Сай айылынын Мор-Булак калктуу конушунун тургуну М.Итибаевдин арызы канааттандырылсын.
- Мыйзам чегинде карап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жана айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловго жүктөлсүн.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.