КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
2020-жылдын 16-марты № 3/2
“Коргон-Дөбө айылынын тургуну А.Эралиевдин арызын кароо жөнүндө”
Коргон-Дөбө айылынын тургуну А.Эралиевдин 1 топтогу майып кызы Абылказы кызы Гүлазимге өз үйүнүн жанындагы ашыкча жерди,
турак жай куруу үчүн берүү жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Коргон-Дөбө айылынын тургуну А.Эралиевдин арызы канааттандырылсын.
- Абылказы кызы Гүлазимге мыйзам ченемдүү турак жай куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.