Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
2020-жылдын 16-марты № 3/3
“Ак-Сай айылынын тургуну К.Бекбаевдин арызын кароо жөнүндө”
Ак-Сай айылынын тургуну Бекбаев Шекербектин өз менчигине турак жай салуу үчүн “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Аксы башкаркармалыгынан 3-03-07-1002-0467 идентификациялык номери менен берилген жерине курулган намазкананы муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жөнүндөгү К.Бекбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айылынын тургуну Бекбаев Шекербектин өз менчигине турак жай салуу үчүн “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Аксы башкармалыгынан 3-03-07-1002-0467 идентификациялык номери менен берилген жерге курулган жамааттык мечит муниципалдык менчикке алынсын.
2. Муниципалдык менчигине иш кагаздарын даярдап өткөрүп берүү жагы Ш.Бекбаевге жана мыйзам ченемдүү өткөрүп алуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго, жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.
Төрага | С.Барпиев |