КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
2020-жылдын 16-марты № 3/4
“Коргон-Дөбө айылынын тургуну Т.Ыманкуловдун арызын кароо жөнүндө”
Коргон-Дөбө айылынын тургуну Ыманкулов Турусбектин Коргон-Дөбө айылындагы жамааттык мечитти айыл өкмөтүнүн муниципалдык балансына өткөрүп алуу жөнүндөгү арызына негиз жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Коргон-Дөбө айылындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Аксы башкармалыгынан 3-03-07-1003-0194-01 идентификациялык номери менен берилген жерге курулган жамааттык мечит муниципалдык менчикке алынсын.
- Муниципалдык менчигине мыйзам ченемдүү өткөрүп алуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго, жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.