КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХIХ сессиясы
2020-жылдын 22-марты № 1
“COVID-19 илдетин алдын алуу максатында блок пост уюштурууга, тамак-аш, күйүүчү май, дезинфекциялоого акча каражатын кароо жөнүндө”
COVID-19 илдетин алдын алуу максатында блок пост уюштурууга, тамак-аш, күйүүчү май, дезинфекциялоого акча каражатын кароо жөнүндө финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл аймагында COVID-19 илдетин айылга жайылтуунун алдын алуу максатында Майлы-Сай-Ак-Суу-Коргон-Дөбө унаа жолунун Кызыл-Мойнок участкасына блок пост уюштурулуп, тамак-аш, күйүүчү май, дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүгө 70111 бөлүмүнүн 2215900 беренесинен түрдүү чыгымга 100000 (жүз миң) сом акча каражатына макулдук берилсин.
- Бөлүнгөн акча каражатын мыйзам ченемдүү карап иштетүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.