Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХIХ сессиясы
2020-жылдын 22-марты № 2
“Ак-Суу айыл аймагындагы чөп чабынды, эгинге түшкөн мал акыларына айыптарды бекитүү жөнүндө ”
Ак-Суу айыл аймагындагы чөп чабынды, эгинге түшкөн мал акыларына айыптарды бекитүү жөнүндө Ак-Суу, Ак-Сай, Коргон-Дөбө айылындагы элдердин жалпы чогулушунун токтомунун негизинде, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагындагы чөп чабынды жана эгинге түшкөн малдын айыптарын бекитүү жөнүндө Ак-Суу, Ак-Сай, Коргон-Дөбө айылындагы элдердин жалпы чогулушунун токтомунун негизинде төмөнкүдөй айыптар бекитилсин.
- Чөп чабынды жерге түшкөн бир баш малга:
А) Кара малга, жылкыга -200 (эки жүз) сом,
Б) Эшекке -200 (эки жүз) сом,
В) Жандыкка – 50 (элүү) сом
- Эгинге түшкөн бир баш малга:
А) Кара малга, жылкыга- 500 (беш жүз) сом,
Б) Эшекке -500 (эки жүз) сом,
В) Жандыкка – 100 (жүз) сом
-Эскертүү: Сырттан келген малга эки эсе баада айып салынсын.
Эгинге, чөп чабынды аянттарына зыян келтирсе, келтирилген зыян актынын негизинде төлөнүп берилсин. Айыптан түшкөн акча каражаты айдап келген карагулга 40%, кайтарган карагулга 40%, 20% ар түрдүү чыгымдарга берилсин. Эгерде карагул канага түшкөн малды мал ээси угуп, алып кетпесе Бузуулар комиссиясына өткөрүлүп берилет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.
Төрага | С.Барпиев |