КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХIХ сессиясы
2020-жылдын 22-марты № 4
“Айыл аймактагы милициянын участкалык инспекторунун штаттан сырткары жардамчысынын айлыгын кароо жөнүндө”
Кыргызстандагы абалга (пандемияга) байланыштуу айыл аймактагы тартипти көзөмөлдөө максатында Ак-Суу айыл аймагынын участкалык инспекторунун штаттан сырткары жардамчысынын айлыгын карап берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеӊеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл аймагынын участкалык инспекторунун штаттан сырткары жардамчысынын айлыгын 5000 (миӊ) сом өлчөмүндө, азыркы абал (пандемия) жөнгө салынганга чийин мыйзам ченемдүү карап берүү жагы ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.