КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы
2020-жылдын 12-октябры № 1/2
“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата атайын каражаттар бөлүмүнүн киреше жана чыгаша бөлүгүн эсепке алуу жөнүндө”
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин атайын каражаттар бөлүмүнүн киреше жана чыгаша бөлүгүнүн түшүүсү жана чыгымдалышы тууралуу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеӊеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар (14238900 беренеси) бөлүмүнө түшүүчү 139200 (бир жүз отуз тогуз миӊ эки жүз) сом акча каражаты COVID 19 пандемиясына байланыштуу кошумча киреше катары каржылоо булагынан кыскартылсын.
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар бөлүмүнүн чыгашалар беренесине (22154900) көрсөтүлгөн 139200 (бир жүз отуз тогуз миӊ эки жүз) сом акча каражаты чыгымдоолор беренесинен кыскартылсын.
- Жогорудагы акча каражаттарын киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнөн кыскартуу жагы финансы экономикалык бөлүмүнө милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.