Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы
2020-жылдын 12-октябры № 2/2
“XONDA STEP үлгүсүндөгү тез жардам унаасын муниципалдык менчикке тартуу жөнүндө”
Бишкек шаарындагы “Ак-Суу коому” тарабынан №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна белекке берилген XONDA STEP үлгүсүндөгү, мамкаттоосу 08KG630AGT, каттоо күбөлүгү АА0316797 тез жардам унаасын муниципалдык менчикке тартуу жөнүндө, айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. XONDA STEP үлгүсүндөгү тез жардам унаасын муниципалдык менчикке алынсын.
2. Муниципалдык менчикке мыйзам ченемдүү өткөрүп алуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго милдеттендирилсин.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Төрага | С.Барпиев |