Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XХIV сессиясы
2020-жылдын 02-июну № 2
Совет айылы Суу-Башы айылындагы “Акылай”балдар бакчасы жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн Суу-Башы айылындагы жаны бүткөрүлгөн мектепке чейинки билим берүү уюмунун башчысы Т.Сатыбалдиеванын кайрылуусуна жана Туруктуу бюджет экономика комитетинин корутундусуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн Суу-Башы айылынындагы жаңы бүткөрүлгөн мектепке чейинки уюмуна сметанын негизинде раздель70911статья 3111 калдык болуп өткөн акча каражатынан “тиричилик техникасына” 350 000(үч жүз элүү мин) сом.
2. Жайкы ашкана,көмүр кана отун кана курууга 650 000(алты жүз элүү мин )сом раздель 70911 статья 3111дин негизинде акча каражаты каралсын.
3. Токтомду аткаруу жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Өмурзаковго сунушталсын “Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык балдарды колдоо” үчүн тез арада балдар бакчасы болуп ишке киргизүү уюштурулсун.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовго милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы | К.Аттокуров |