Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XХIV сессиясынын
2020-жылдын 02-июну № 1
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 02.06.2020-жылдагы “Гөлөгөн-Суу” муниципалдык ишканасынын түзүүгө макулдук берүү тууралуу 28.05.2020.ж №01-17/503 кайрылуусу жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 28.05.2020-жылдагы “Гөлөгөн-Суу” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү тууралуу № 01-17/503 кайрылуусу жөнүндө депутаттардын сын пикирлери угуп жана талкуулап, Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кеңеш айыл өкмөтүнүн Совет айылынын ПМК участкасында жайгашкан “Росинка” балдар бакчасы атайын соттун чечими менен РЕЕСТРге киргизилип кабыл алынгандыктан келечек муундардын таза тарбия алуусу үчүн обсервация кылууга макулдук берилбесин.
2.Кеңеш айыл өкмөтүнүн юристь М.Каипов жана айылдык Кеңешинин Укук жана Мыйзамдуулук комитети менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык балдарды колдоо үчүн тез арада балдар бакчасы болуп ишке киргизүү уюштурулсун.
3.Токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4.Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовго милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы | К.Аттокуров |