Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XХIV сессиясынын
2020-жылдын 02-июну № 3
Жайыт комитетинин төрагасынын К.Айдаровдун кайрылуусу жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин башчысы К.Айдаровдун кайрылуусуна жана туруктуу бюджет экономика комитетинин корутундусуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 6 айдык жыйынтыгынын негизинде алыскы Кең-Кол жайлоосуна баруучу жолдорун оңдо көпүрө куруу сметасына ылайык жайыт комитетинин бюджетинен 200 000(эки жүз мин )сом акча каралсын.
2. Токтомдун мыйзамдуу жагын карап берүү Кеңеш айыл өкмөтүнүн юристи М.Каиповго милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовго милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы | К.Аттокуров |