Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XХIV сессиясынын
2020-жылдын 2-июну № 4
Кеңеш айыл аймагындагы китеп каналар жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Омурзаковдун жана Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Сариевдин кайрылуусуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагындагы орто жана негизги мектептердин китеп каналарындагы китептерин Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Сариевдин кайрылуусу боюнча мектептердин түзүлгөн табицага ылайык Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн балансына өткөрүлүп берилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовго милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы | К.Аттокуров |