КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XХIV сессиясынын
2020-жылдын 2-июну № 5
Шайлоо участкаларынын чек араларын жана комиссияларын тактоо жөнүндө
Базар-Коргон шайлоо комиссиясынын карылуусуна жана Кеңеш айыл өкмөтүнүн такталып чыкан границаларын бекитип берүү сунушуна негизинде Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кеңеш айыл аймагынын өкмөтүнүн такталган границалары боюнча бекитилип берилсин.
- Ар бир айылдагы шайлоо участогундагы мүчөлөрү алымча кошумчасы менен бекитип берилсин.
- Токтомдун мыйзамдуу жагын карап берүү Кеңеш айыл өкмөтүнүн юристи М.Каиповго милдеттендирилсин.
- Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовго милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы | К.Аттокуров |