Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XХIV сессиясынын
2020-жылдын 2-июну № 6
“Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы К.Аттокуровдун сунушуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагында жашап, үзүрлүү эмгектенип Кеңеш айыл аймагынын жана өз айылынын калкына көрсөткөн көп жылдык эмгегин баалап Абдраимов айылынын тургуну жана айыл өкмөт кызматкерлери болуп иштеп кеткен.
2. Осоркулов Сүйөркулга Кеңеш айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” деген ардактуу наам ыйгарылсын.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл
аймагынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовго милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы | К.Аттокуров |