Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XХV сессиясынын
2020-жылдын 12-июну № 2
Айылдык кеңештин төрагасы жана жоопту катчысынын штатын бекитүү жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Омурзаковдун катында көрсөтүлгөн Базар-Коргон райондук мамалекеттик администрациясынын башчысынын чыгыш 04.06.2020.ж № 01-10/961 катына негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагынын калкынын саны 20001(жыйырма мин бир) ден жогору болгондуктан айылдык кеңештин төрагасы жана жоопту катчысынын штаты бекитилсин.
2. Айылдык кеңештин төрагасы жана жоопту катчысынын эмгек акысы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн талаптарын так аткаруу менен төлөнүп берилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовго милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы | К.Аттокуров |