Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XХV сессиясынын
2020-жылдын 12-июну № 3
Маркум Нышанбаев Батыралинин ысымын көчөгө коюу жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн Совет айылынын И.Юнусов көчөсүнүн жашоочуларынын элдик жыйындын протоколуна жана айылдык кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана башка социалдык-маданий маселелер, жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комитеттин корутундусуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Совет айылынын тургуну маркум Нишанбаев Батыралинин ысымы А.Ахматов көчөнүн күн батыш тарабындагы жаңы конуштарга берилсин.
2. Аталган көчөнү Нишанбаев Батырали деп аталышын жаздырып, катар үй номурун койдуруу, көчөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү, көчөнүн тазалыгын, архитектуралык план боюнча сакталышын ишке ашыруу жагы Нишанбаев Батыралинин балдарына жана тууган уругуна милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовго милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы | К.Аттокуров |