КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XХV сессиясынын
2020-жылдын 12-июну № 4
Кеңеш айыл аймагындагы үшүк алган эгиндер жана Донуз ойнор, Сары жайык жайыттары жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Омурзаковдун 11.06.2020.жылдагы №01-17/558 сандуу катында көрсөтүлгөн ар бир айылдан түзүлгөн актысынын негизинде Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2020-жылдын 15-апрель күнү күтүүсүздөн жааган жамгырдын жана кардын кесепетинен Кеңеш айыл өкмөтүнүн айылдарында мөмө жемиш, жашылча өсүмдүктөрдү үшүк алып кеткен актыда көрсөтүлгөн Кара-Жыгач, Сейитказы, Кызыл-Октябрь айылдарындагы үшүк алган эгин талаалары көрсөтүлгөн актыга жараша бекитилсин.
- Донуз ойнор, Сары жайык участокторундагы чөп жайыттарын мал жандыктар жеп кеткендигине байланыштуу Доңуз ойнор учаскасында 266,88га, Партизан участогунда 46,63га, кичи жана чон Сары-жайык участогунда 498,01га жер аянтына жазылган актысы бекитилсин.
- Токтомдун мыйзамдуу жагын карап берүү Кеңеш айыл өкмөтүнүн юристи М.Каиповго милдеттендирилсин.
- Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовго милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы | К.Аттокуров |