КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XХVI сессиясы
2020-жылдын 28-августу № 2
Дыйкан чарба жана коперативдердин Зерно двор “дан канасынын” тургундарынын арызы жөнүндө
Кеңеш айыл аймагына караштуу Дыйкан чарба жана коперативдердин Зерно двор “дан канасынын” тургундарынын арызына негиз, Айыл-чарбачылыгы жана муниципалдык жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун талкуулап, Кеңеш айылдык Кеңешинин VII - чакырылышынын кезектүү XХVI -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы 1997-III- токтому менен бекитилген Айыл чарба жерлерин кайра болуштуруу фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндөгү Типтүү жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү типтүү жобонун талаптарына ылайык арызды чечип ижарага берүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
- Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовго милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы | К.Аттокуров |