КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XХVI сессиясы
2020-жылдын 28-августу № 6
“Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын тургундарынын кайрылуусуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кеңеш айыл аймагында жашап, үзүрлүү эмгектенип Кеңеш айыл аймагынын жана өз айылынын калкына көрсөткөн көп жылдык эмгектерин баалап Кенеш айылынын тургундары
- Совет айылынын тургуну Турсунбаева Саадат
- Аук айылынын тургуну Эгембердиева Айчурок Ажибековна
- Аук айылынын тургуну Кочоров Сулайман
- Арпачы айылынын тургуну Курбанов Абиджон
- Аркалык айылынын тургуну Адилов Гапиржан Мамадалиевич
- Абдраимов айылынын тургуну Эргешов Капарбек
- Суу-Башы айылынын тургуну Курбаналиев Уларбек
Кеңеш айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” “Ардактуу Эне” деген ардактуу наам ыйгарылсын.
- Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовго милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы | К.Аттокуров |