Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XХIV-сессиясы
2020-жылдын 15-июну № 4
Сайдыкум айыл өкмөтүнүнбашчысынын билдирүүсү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин 2020-жылды“Региондорду өнүктүрү,өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” деп жарыялаган Жарлыкты турмушка ашыруу максатында, Дотациялуу калктуу конуштарда ачылган артыкчылыктуу секторлоруна дем берүү максатында айыл чарба багытындагы эмес башка жерге, сүт-эт багытындагы продукция берүүчү асыл тукум бодо малдарды өстүрүп,көбөйтүү боюнчаинвестиция тартуу жолу менен ишкана куруу максатында,Сайдыкум айыл аймагынын тургундарынын арызын угуп жана талкуулап,канааттандыруу максатында Сайдыкум айылдык Кеңешинин VII - чакырылышынын кезексиз XХIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин 2020-жылды “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” деп жарыялаган Жарлыкты турмушка ашыруу максатында, дотациялуу калктуу конуштарда ачылган артыкчылыктуу секторлоруна дем берүү максатында айыл чарба багытындагы эмес башка жерге, сүт-эт багытындагы продукция берүүчү асыл тукум бодо малдарды өстүрүп,көбөйтүү боюнчаинвестиция тартуу жолу менен ишкана курууга 2.0(эки) га жер аянты эски колхоз маалындагы мал сарайдын ордунан, бөлүнүп берилсин.
2. Сайдыкум айыл аймагында “сүт-эт багытындагы продукция берүүчүасыл тукум бодо малдарды өстүрүп,көбөйтүү,өнүктүрүү жана жайылтуу долбоору”,Сайдыкум айыл Өкмөтүнүн стратегиялык планына киргизилсин.
3.Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Сайдыкум айыл аймагынын расмий сайтында жарыялансын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Г.Токторбаевага жүктөлсүн.
Төрага | Б. Турсункулов |