Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XХIV-сессиясы
2020-жылдын 15-июну № 7
Кызыл-Ай айылы Сайдыкум айыл аймагындагы сугат суу скважиналарын капиталдык ремонтоо үчүн Жалал-Абат Өнүктүрүү Фондуна долбоор өткөрүү жөнүндө
Сайдыкум айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XХIV- сессиясы Сайдыкум айыл аймагынын Турпак-Коргон, Хажир-Абат, Жаңы-Абат айылдарынын тургундарынын скважиналарды капиталдык ремонт кылып берүү боюнча жазып кайрылган арызын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл аймагынын Турпак-Коргон, Хажир-Абат,Жаңы- Абат айылдарындагы скважиналарга капиталдык ремонт жасалсын.
2. Сайдыкум айыл аймагынын Турпак-Коргон, Хажир-Абат, Жаңы- Абат айылдарындагы скважиналарды капиталдык ремонт кылуу долбоорунун смета,проект,курулушка уруксат кагаздарын берүү үчүн тийиштүү иш кагаздарын жасап, каражат бөлүп берүү жагы КЭБнүн башчысы К.Абдыкадыровко милдеттендирилсин.
3. Сайдыкум айыл аймагынын Турпак-Коргон, Хажир-Абат, Жаңы- Абат айылдарындагы скважиналарды капиталдык ремонт кылуу боюнча долбоорду, Жалал- Абат Өнүктүрүү Фондуна сунуш кылып өткөрүү жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Доолоталиевке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясын төрагасы А.Ирисовко жүктөлсүн.
Төрага | Б. Турсункулов |