Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезексиз VII сессиясы
2019-жылдын 10-июлу № 1
Өрүктү айыл аймагынын бюджетинин 2020 - жылга долбоору 2021-2022 – жылдарга божомолунун киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын бюджетинин 2020- жылга долбоору 2021 - 2022 – жылдарга божомолунун киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өрүктү айыл аймагынын бюджетинин 2020-жылга долбоору жана 2021-2022 –жылдарга божомолунун киреше жана чыгашасы бекитилсин.
2.2020-жылга долбоору, 2021-2022-жылдарга божомолунун киреше жана чыгаша бөлүгү:
2.1. 2020-жылга долбоору 12 135 100 (он эки миллион бир жүз отуз беш миң бир жүз) сом
2.2. 2021-жылга божомолу 12 171 100 (он эки миллион бир жүз жетимиш бир миң бир жүз) сом
2.3.2022-жылга божомолу 12 436 100 (он эки миллион төрт жүз отуз алты миң бир жүз) сом болуп киреше жана чыгашасы бекитилсин.
3.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика,каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |