Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезексиз VIII сессиясынын
2019-жылдын 10-июлу № 1
Өрүктү айыл аймагына караштуу Р.Надырбеков атындагы маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү
Өрүктү айылындагы Р.Надырбеков атындагы маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү максатында, Ала-Бука райондук Өнүктүрүү фондуна даярдалган долбоорго айыл аймактын атайын каражат эсебинен өздүк салымын бөлүп берүү үчүн Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өрүктү айылынын Р.Надырбеков атындагы маданият үйүн капиталдык ремонтуна 4 400 000 (төрт миллион төрт жүз миң сом) акча каражатын бөлүп берүү жагы Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2. Айыл аймагынан өздүк салым катары 265 800 (эки жүз алтымыш беш миң сегиз жүз ) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Р.Надырбеков атындагы маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүүдө эски чатырдын жарактуу курулуш материалдарын сатуу жана иштетүү үчүн аукцион жарыялансын.
4. Акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөттүн ФЭБнун башчысы М.Осмонбековго жүктөлсүн.
5. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
6.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
7.Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджет комитетине милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |