Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезексиз VIII сессиясы
2019-жылдын 02-августу № 2
Материалдык жардам берүү жөнүндө
Өрүктү айылынын тургуну Аширбекова Гулназдын кайрылуу катынын негизинде күйөсү Бөрүкулов Сабырбек 2017 - жылы каза болгон, 3 балалуу, бир уулу 1 группадагы майып ,турмуш шарты оор, турак жайы жок апасынын үйүндө жашап жаткандыгы аныкталып Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өрүктү айылынын тургуну Аширбекова Гулназга турак жай салууга көмөк көрсөтүү максатында айыл өкмөттүн бюджетинен 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты материалдык жардам катары бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөттүн ФЭБнун башчысы М.Осмонбековго жүктөлсүн.
5. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
6. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджет комитетине милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |