Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезексиз IX сессиясы
2019-жылдын 14-сентябры № 3
Айыл аймактын атайын каражат эсебине өзгөртүүлөрдү жана толууктоолорду киргизүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын атайын каражат эсебине өзгөртүүлөрдү жана тоолуктоолорду киргизүү жөнүндө жайыт комитетинин төрагасынын жана айыл башчыларынын билдирүүлөрүнүн негизинде Өрүктү айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өрүктү айыл аймагынын жайыт комитетине пайдаланууга берилген атайын техника (Погрузчик) тарабынан аткарылган жумуштарга түзүлгөн актыларынын негизинде (Өрүктү айыл аймагындагы айылдардын ички жолдорун тегиздөө,сүрүү, кеңейтүү) боюнча бардык билдирүүлөр эске алынсын.
2. 2019-жылга Өрүктү айыл аймагынын атайын каражат эсебине кошумча түшкөн кирешенин эсебинен 1 000 000 (бир миллион ) сом акча каражаты атайын техниканын (Погрузчик) кызматы үчүн бөлүнүп берилсин.
3. Жогорудагы бөлүнгөн акча каражатынын 700 000 (жети жүз миң) сому техниканын ушул мезгилге чейинки аткарган иштеринин карызы үчүн ,300 000 (үч жүз миң) сому Орто-Токой,Чолок-Тума,Өрүктү айылдарынын ички жолдорун кеңейтүү,сүрүү,тегиздөө иштери үчүн ар бир моточасы 2000 (эки миң) сомдон эсептелип,чыгымдалсын.
4.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
5.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик тармактар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |