Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезексиз IX сессиясынын
2019-жылдын 14-сентябры № 4
А.Жуманазаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин ашканасына кошумча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
“Мерсико” тарабынан окуучуларды ысык тамак менен камсыздоо үчүн А.Жуманазаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин айыл аймагынын эсебинен ремонттолуп жаткан ашканасына айыл өкмөттүн бюджетинен кошумча курулуш иштери жана материалдары үчүн акча каражатын бөлүп берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Жуманазаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин ашканасына кошумча айыл өкмөттүн бюджетинен 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик тармактар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |