Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезексиз IX сессиясы
2019-жылдын 14-сентябры № 6
Өрүктү айыл аймагына караштуу Орто-Токой, Чолок- Тума айылдарындагы “Ширин” балдар бакчасынын имаратынын курулушун аяктоо жөнүндө
Орто-Токой айылындагы “Ширин” балдар бакчасынын имаратынын курулушун 2 этабын аяктоо максатында Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна долбоордук сунуштарды даярдоо үчүн Өрүктү айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ширин” балдар бакчасынын имаратынын курулушун 2 этабын аяктоо максатында Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна (РӨФ) долбоордук сунуштар жана тиешелүү иш кагаздар даярдалсын.
2.Сметада каралган 14 471 550 (он төрт миллион төрт жүз жетимиш бир миң беш жүз элүү) сом акча каражаты райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
3.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |