Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезексиз X сессиясынын
2019-жылдын 12-октябры № 1
Ала-Бука –Шекафтар автоунаа жолун Өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен асфальтоо маселесин кароо жөнүндө
Өрүктү айылдык Кеңешинин төрагасы Аким уулу Азаматтын күн тартибиндеги маселе боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Водохранилише –Шекафтар” автоунаа жолунун 3,5 километринен 6,5 километрине чейинки 3 км аралык Өрүктү айыл аймагынын балансына кабыл алынсын жана Өрүктү айыл аймагынын эсебинен Өнүктүрүү фондунун каржылоосу аркылуу асфальтоо маселеси жактырылсын.
2.Өрүктү айылдык аймакка караштуу Өрүктү –Сай айылынын 5 км борбордук жолун айыл өкмөттүн балансына алынсын, тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өрүктү айылдык Кеңешинин бюджет,экономика жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Өрүктү айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кийикбаевге милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |