Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезексиз X сессиясы
2019-жылдын 12-октябры № 2
Өрүктү айылдык аймагындагы №2281 шайлоо участкасын экиге бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 4-пунктунун ,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” Мыйзамынын 11-статьясынын 2-пунктуна ылайык ар бир шайлоо участкасында шайлоочулардын саны 2500 шайлоочудан ашпаган санда шайлоо участкасы түзүлөт, бул Мыйзамдардын негизинде VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука АШКна караштуу №2281 “Жой-Белент” шайлоо участкасында шайлоочулардын саны 2788 шайлоочуну түзгөндүгүнө байланыштуу бул шайлоо участкасын экиге бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Шайлоо участкасынын чек арасы жана схемалары такталып Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |