Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезексиз X сессиясынын
2019-жылдын 12-октябры № 3
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 2-бөлүгүнүн жоболорун андан ары ишке ашыруу, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык айрым мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндөгү эки тараптуу келишимди бекитүү берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Социалдык өнүгүү чөйрөсүндө мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндөгү эки тараптуу келишими бекитилсин.
2.Келишимдин негизинде:
1.1. Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү жана балдарды төмөнкүдөй алынган маалыматты кароо жана иштеп чыгуу жолу менен табуу
-уюмдардын жана жарандардын оозеки же жазуу жүзүндөгү кайрылуусунан,
-жалпыга маалымдоо каражаттарынан
-аймактык мамлекеттик органдардан,
-үймө-үй кыдыруунун жыйынтыгы менен,
-ведомстволор аралык рейддердин,акциялардын,жыйындардын,калк менен жолугушуулардын жыйынтыгында.
3.Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр жана балдардын муктаждыктарын баалоо:
- турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр жана балдар боюнча базаны түзүү жана эсебин алуу,
- турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын турак-жай тиричилик шарттарын текшерүү,
- турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн социалдык паспортун жүргүзүү,
- турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын социалдык кызматтарга болгон керектөөлөрүн баалоо,
- турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын социалдык кызматтарга болгон керектөөлөрүн кайрадан ар тараптуу баалоо.
4. Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кам көрүү:
-ишке орношуу жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча жарандардын арыздарын жана каттарын кароо,
- турмуштук оор кырдаалга жол бербөө бюнча алдын алуу иштерин жүргүзүү,-үй-бүлө менен жеке иштөө планын ишке ашыруу,
- баланы коргоо боюнча жеке планды ишке ашыруу,
- турмуштук оор кырдаалда турган балдарды,үй-бүлөлөрдү социалдык коштоо
4. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
5.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өрүктү айыл өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы М.Осмонбековго милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |