Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезексиз X сессиясынын
2019-жылдын 12-октябры № 4
Өрүктү айыл аймагына караштуу Өрүктү айылынын А.Боронбаев атындагы көчөнү Жалал-Абад облусунун Өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен асфальтоо маселесин сунуштоо жөнүндө
Өрүктү айылдык Кеңешинин төрагасы Аким уулу Азаматтын күн тартибиндеги маселе боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өрүктү айылынын А.Боронбаев атындагы көчөнүн 510 (беш жүз он) метрге чейинки аралыгын Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фондунун каржылоосу аркылуу асфальтоо маселеси сунушталсын.
2. Өрүктү айылынын А.Боронбаев атындагы көчөнүн 510 (беш жүз он) метр жолунун тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өрүктү айылдык Кеңешинин бюджет,экономика жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |