Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезексиз X сессиясынын
2019-жылдын 12-октябры № 5
Өрүктү айылдык Кеңешинин төрагасына акы төлөө жана компенсациялоо тууралуу жөнүндө
Өрүктү айылдык Кеңешинин төрагасы Аким уулу Азаматка акы төлөө жана компенсациялоо тууралуу жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 12.10.2016-жылдагы №01-24/166 буйругунун негизинде Өрүктү айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өрүктү айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика комитетинин төрагасы Ш.Аракеевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Буйрукка ылайык төраганын эмгек акысы айыл өкмөт башчысынын бир күндүк орточо акысына барабар жана ар бир сессия болгон күн үч күн деп эсептелсин.
(даярдоо күнү сессияга чейин,сессия өткөргөн күнү,сессиядан кийинки күнү токтомдорду текшерүү,кол коюу күнү)
3.Өрүктү айылдык Кеңешинин төрагасына эмгек акы төлөө,ушуга чейинки сессия өткөргөн күндорүн 2017 жылдан баштап компенсациялоо , Мыйзам чегинде айыл аймагынын бюджетинен камсыздоо жагы Өрүктү айыл өкмөтүнүн
ФЭБнун башчысы М.Осмонбековго жүктөлсүн.
3.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |