Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезексиз X сессиясынын
2019-жылдын 12-октябры № 6
Өрүктү айылындагы А.Пирматов мектепке чейинки билим берүү уюмуна жылуулук системасын куруу жөнүндө
Өрүктү айылындагы А.Пирматов мектепке чейинки уюмунун имаратынын мурунку жылытуу мештери авариялык абалда болуп , ичи суук жана сыз болгондугуна байланыштуу балдардын ден соолугунун коопсуздугун камсыздоо максатында, кышка даярдык көрүүдө жылуулук системасын куруу үчүн айыл өкмөттүн тиешелүү кызматкерлеринин жана жогорудагы балдар бакчасынын жетекчисинин билдирүүлөрүнүн негизинде Өрүктү айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Пирматов мектепке чейинки уюмунун имаратынын жылытуу системасын жаңыдан куруу үчүн айыл өкмөтү тарабынан тиешелүү иш кагаздары даярдалып ,деффектик актылары түзүлсүн.
2. Кыш мезгили жакындап калгандыгына байланыштуу КР сатып алуу порталы аркылуу түз келишим түзүү методу менен конкурс жарыялансын
3. Жылытуу системасын жаңылоого 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты айыл аймагынын атайын каражат эсебинен каржылоо жагы ФЭБнун башчысы М.Осмонбековго милдеттендирилсин.
4.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын
5.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |