Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин XI сессиясынын
2019-жылдын 12-декабры № 1
Республикалык үлүштүк (дем берүүчү) грантка даярдалган долбоорлорго айыл аймактын каражатынан өздүк салымды бөлүп берүү жөнүндө
Ала-Бука районундагы Өрүктү айыл аймагына караштуу Орто-Токой айылына чейинки А.Ражапов көчөсүндөгү кеңдиги 2метр,узундугу 2000 метр болгон тротуарды капиталдык ремоттон өткөрүү, Ала-Бука районундагы Өрүктү айыл аймагына караштуу Өрүктү-Сай айылындагы Бешимов атындагы орто мектебинин эски имаратын балдар бакчасы үчүн капиталдык ремонттон өткөрүү долбоору Республикалык үлүштүк (дем берүүчү) грантка даярдалган долбоорлорго айыл аймактын каражатынан өздүк салымды бөлүп берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука районунудагы Өрүктү айыл аймагына караштуу Орто-Токой айылына чейинки А.Ражапов көчөсүндөгү кеңдиги 2метр,узундугу 2000 метр болгон тротуарды капиталдык ремоттон өткөрүү жана Өрүктү-Сай айылындагы Бешимов атындагы орто мектебинин эски имаратын балдар бакчасы үчүн капиталдык ремонттон өткөрүү долбоорлору даярдалып,үлүштүк дем берүүчү грантка сунуш кылуу жөнүндө Өрүктү айыл аймагынын башчысы Р.Кийикбаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Ала-Бука районунудагы Өрүктү айыл аймагына караштуу Орто-Токой айылына чейинки А.Ражапов көчөсүндөгү кеңдиги 2метр,узундугу 2000 метр болгон тротуарды капиталдык ремоттон өткөрүү үчүн өздүк салым катары 335 480 (үч жүз отуз беш миң төрт жүз сексен миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Ала-Бука районундагы Өрүктү айыл аймагына караштуу Өрүктү-Сай айылындагы Бешимов атындагы орто мектебинин эски имаратын балдар бакчасы үчүн капиталдык ремонттон өткөрүү максатында 540 237 (беш жүз кырк миң эки жүз отуз жети ) сом айыл аймактын каражатынан бөлүнүп берилсин.
3.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өрүктү айылдык Кеңешинин бюджет,экономика жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |