Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин XI сессиясынын
2019-жылдын 12-декабры № 2
Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна сунуш кылуучу долбоорго айыл аймактын каражатынан өздүк салымды бөлүп берүү жөнүндө
Ала-Бука районундагы Өрүктү айыл аймагына караштуу Өрүктү айылынын А.Пирматов мектепке чейинки билим берүү уюмунун жаңы имаратын куруу үчүн Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна сунушталган долбоорго айыл аймактын каражатынан өздүк салымды бөлүп берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука районундагы Өрүктү айыл аймагына караштуу Өрүктү айылынын А.Пирматов мектепке чейинки билим берүү уюмунун жаңы имаратын куруу үчүн
Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна сунушталган долбоорго айыл аймактын каражатынан өздүк салымды бөлүп берүү боюнча айыл аймагынын башчысы Р.Кийикбаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. А.Пирматов мектепке чейинки билим берүү уюмунун жаңы имаратын куруу үчүн РӨФко сунушталган долбоорго айыл аймактын каражатынан үчүн өздүк салым катары 300 000 (үч жүз миң) сом акча бөлүнүп берилсин.
3.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өрүктү айылдык Кеңешинин бюджет,экономика жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |