Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин XI сессиясынын
2019-жылдын 12-декабры № 3
Өрүктү айыл аймагынын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын маданият кызматкерлеринин декабрь айына бюджеттен каралган айлык акысы социалдык фондунун дебитордук карызына которулуп кеткендигине байланыштуу маданият кызматкерлеринин декабрь айынын айлыгы жана социалдык төлөмү үчүн айыл аймактын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өрүктү айыл өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы М.Осмонбековдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Жогорулардын негизинде айыл аймагынын бюджетинин аппарат сатып алуу 2222 статьясынан 57 500 (элүү жети миң беш жүз) сом маданияттын айлык акысы 2121 статьясына 49 000 (кырк тогуз миң) сом социалдык төлөм 2121 статьясына 8 500 сом,бардыгы болуп 49000+8500=57500 (элүү жети миң беш жүз) сом акча каражаты жылдырылсын.
3.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өрүктү айылдык Кеңешинин бюджет,экономика жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |