Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезексиз XI сессиясы
2019-жылдын 12-декабры № 4
Өрүктү айылдык Кеңешинин депутаттарынын курамын толуктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты Амиракулов Тынчтыкбек Султаналиевичтин арызынын негизинде Өрүктү айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты Амиракулов Тынчтыкбек Султаналиевичтин арызы канааттандырылсын.
2.Мөөнөтүнөн мурда депутаттык ыйгарым укуктары токтотулгандыгына байланыштуу, депутаттык мандаты кийинки турган депутатты дайындап берүү жагы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктукактыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырамын.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |