Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезектеги XII сессиясы
2019-жылдын 24-декабры № 1
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 304 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти жөнүндө жобонун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы №238 ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө буйругунун негизинде эки тараптуу келишимди бекитүү максатында Өрүктү айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча эки тараптуу келишими бекитилсин.
2.Келишимдин негизинде:
-Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу,ошондой эле даярдалган паспортторду берүү.,
-Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу,ошондой эле жекелештирилген жалпы жарандык паспортту берүү.,
-жарандарды жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо.,
-баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо,ошондой эле туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү.,
-никелешүүнү мамлекеттик каттоо,ошондой эле никелешүү тууралуу күбөлүк берүү.,
-өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо,ошондой эле өлгөндүгү тууралуу күбөлүк берүү.,
-аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо,ошондой эле аталыкты аныктоо тууралуу күбөлүк берүү.,
-“балага сүйүнчү” бир жолку төлөмгө арыздарды кабыл алуу жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө берилсин.
3.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы төмөнкү укуктарга ээ болсун:
-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан ишке ашырылышын,ошондой эле ушул максаттарга берилген материалдык жана башка каражаттардын пайдаланышын контролдоого.,
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча аткарылууга милдеттүү актыларды өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алууга.,
-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунунаткаруучу органы тарабынан жол берилген бузууларды жоюу боюнча кат жүзүндө сунуштарды берүүгө.,
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга байланышкан маалыматтарды,материалдарды жана документтерди суроого.,
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жана материалдык,финансылык жана башка каражаттарды колдонуунун жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды берүү үчүн жергиликтүү өз алдынч башкаруунун аткаруучу органынын отчетторунун формасын белгилөөгө .,
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өткөрүп берилген,максаттуу багытта колдонулбаган каражаттарды белгиленген тартипте өндүрүп алууга.,
-ушул Келишимде жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби “Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген учурларда жана тартипте жөнүндө Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууну демилгелөөгө.
4. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
5.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өрүктү айыл өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы М.Осмонбековго милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |