Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезексиз III сессиясы
2020-жылдын 15-февралы № 1
Өрүктү айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин жана атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө
Өрүктү айылдык аймагынын каржы экономика бөлүм башчысы иштеп чыккан Өрүктү айылдык аймагынын 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин жана атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүктөрүн айылдык Кеңешинин бюджет,экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Өрүктү айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өрүктү айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 9934,4 миң сом, чыгаша бөлүгү 9934,4 миң сом жана атайын каражаттын киреше бөлүгү 904,3 миң сом, чыгаша бөлүгү 904,3 миң сом болуп бекитилсин.
2. Өрүктү айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жалпы кирешесинин 1% бөлүгү 100 000 ( жүз миң ) сом резервдик фондго калтырылсын.
3. Айылдык аймакта табигый кырсыктардын алдын алуу,кесепеттерин жоюу үчүн 150 000 (жүз элүү миң) сом табигый кырсык үчүн 2215 статьяда турушун камсыз кылуу айылдык аймактын ФЭБнө жүктөлсүн.
4. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өрүктү айылдык Кеңешинин бюджет, экономика,каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |