Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезектеги I сессиясынын
2020-жылдын 15-февралы № 2
Өрүктү айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1 январына карата эсептик счетто калган айылдык өкмөттүн бюджетиндеги жана атайын төлөм каражатындагы калдык суммаларды бекитүү жөнүндө
Өрүктү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын М.Осмонбековдун билдирүүсүнүн негизинде 2020-жылдын 1 январына карата эсептик счетто калган айылдык өкмөттүн бюджетиндеги жана атайын төлөм каражатындагы калдык суммалар статьялар жана тармактар боюнча бекитүү максатында Өрүктү айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын 1 январына карата эсептик счетто калган айылдык өкмөттүн бюджетиндеги жана атайын төлөм каражатындагы калдык суммаларын статьялар жана тармактар боюнча бекитип берүү жөнүндөгү айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы М.Осмонбековдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Өрүктү айыл өкмөтүнүн бюджетинде 2020-жылдын 1 январына карата бюджеттик каражатындагы калган калдык 2097,0 миң сом жана атайын каражатындагы калдык 4116,9 миң сом суммалар статьялар жана тармактар боюнча бекитилсин.
3.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика,каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |