Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезектеги I сессиясы
2020-жылдын 15-февралы № 3
“ФУЛЛ -ГОЛД МАЙНИНГ” компаниясынан капиталдык салым катары айыл аймактын атайын каражат эсебине түшкөн 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражатын жумшоо жөнүндө
Өрүктү айыл аймагына караштуу А.Боронбаев жана Р.Надырбеков атындагы көчөлөрүнүн тургундарынын кайрылуу каттарынын негизинде (көчөлөрдү жарыктандыруу жана электролиниялардын кубааттулугун күчөтүү боюнча) “ФУЛЛ-ГОЛД МАЙНИНГ” компаниясынан капиталдык салым катары айыл аймактын атайын каражат эсебине түшкөн 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражатын жумшоо максатында Өрүктү айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “ФУЛЛ -ГОЛД МАЙНИНГ” компаниясынан капиталдык салым катары айыл аймактын атайын каражат эсебине түшкөн 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты А.Боронбаев жана Р.Надырбеков атындагы көчөлөрүн жарыктандыруу жана Каскан-Төбө көчөсүнүн электрочубалгыларынын кубааттулугун күчөтүү үчүн жумшалсын.
2. Тиешелүү статьялардан Мыйзам чегинде каржылоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика,каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |