Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезектеги I сессиясы
2020-жылдын 15-февралы № 5
Өрүктү айыл аймагынын калкын турмуш тиричилик жактан тейлөө боюнча “Өрүктү-Тазалык” ишканасын уюштуруу үчүн макулдук берүү жөнүндө
Жергиликтүү тургундардын муктаждыгын аткаруу максатында айлана- чөйрөнүн тазалыгын сактоо, экологиялык коопсуздуктун алдын алуу,айыл аймактын калкын турмуш тиричилик жактан тейлөө үчүн айыл аймагына “Өрүктү-Тазалык” ишканасын уюштуруу максатында айылдык Кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өрүктү айыл аймагынын башчысы Р.Кийикбаевдин “Жергиликтүү калкты турмуш тиричилик жактан тейлөө”жөнүндөгү “Өрүктү-Тазалык” ишканасын ачуу жөнүндөгү билдирүүсүү эске алынсын.
2. Айлана- чөйрөнүн тазалыгын сактоо, экологиялык коопсуздуктун алдын алуу,айыл аймактын калкын турмуш тиричилик жактан тейлөө үчүн Өрүктү айыл аймагына “Өрүктү-Тазалык” ишканасын уюштуруу үчүн макулдук берилсин.
3. “Өрүктү-Тазалык”айыл өкмөттүн алдындагы юридикалык ишканасынын тиешелүү документтерин даярдоо жагы айыл өкмөткө жүктөлсүн.
4.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
5.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика,каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |