Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезектеги I сессиясынын
2020-жылдын 15-февралы № 7
Конкурс өткөрүү жөнүндө
Соломо участкасындагы суу нугундагы табигый жол менен кайра калыбына келүүчү кум-шагал карьерин казуу иштерин жүргүзүү үчүн айыл аймактын тургундарынын кайрылуу каттарынын негизинде конкурс жарыялоо максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кум- шагал карьерин иштетүү үчүн айыл аймактын тургундарынын арасында конкурс өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Конкурс Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы” Мыйзамына ылайык жана КР “Жер Кодексинин” негизинде коюлган талаптарына ылайык өткөрүлсүн.
3. Конкурсту жарыялоо, өткөрүү жагы айыл өкмөткө жүктөлсүн.
4. Өрүктү айыл өкмөтү конкурстун жеңүүчүсү менен эки тараптуу келишимди
мыйзам чегинде түзүү жагы айыл аймактын башчысы Р.Кийикбаевге жүктөлсүн.
5.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
6.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
7.Бул токтомдун мыйзамдуулугун көзөмөлдөө жер жана агрардык маселелер, өзгөчө кырдалдар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |