Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезектеги II сессиясы
2020-жылдын 29-майы № 1
Айылдын суу сактагычын (водозабор) оңдоп түзөө иштерине акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын калкын турмуш тиричилик жактан тейлөө боюнча элдин муктаждыгын аткаруу, айлана- чөйрөнүн тазалыгын сактоо, экологиялык коопсуздуктун алдын алуу, айылдын калкын ичүүчү таза суу менен камсыздоо үчүн айылдын суу сактагычын (водозабор) оңдоп түзөө иштерин жүргүзүүдө “Өрүктү-Тазалык” муниципалдык ишканасына акча каражатын бөлүп берүү максатында айылдык Кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдын калкын таза суу сактагычын (водозабор) оңдоп түзөө иштерине акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү“Өрүктү-Тазалык” муниципалдык ишканасынын директорунун билдирүүсүү эске алынсын.
2. Айыл аймактын калкын ичүүчү таза суу менен камсыздоо үчүн айылдын суу сактагычын (водозабор) оңдоп түзөө иштерин жүргүзүүдө “Өрүктү-Тазалык” муниципалдык ишканасына атайын каражат эсебинен сметага ылайык 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты берилсин.
3.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика,каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |