Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезектеги II сессиясы
2020-жылдын 29-майы № 2
Өрүктү айыл аймагынын жайыт комитетинин 2019-жыл ичинде аткарылган жумуштары боюнча жылдык отчету жана 2020-жылга карата түзүлгөн иш- планын жана бюджетин бекитүү жөнүндө
Өрүктү айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы кун тартибиндеги маселени карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Өрүктү айыл аймагынын жайыт комитетинин 2019-жылдагы жүргүзгөн иши канаатандырарлык деп табылсын.
2. Айылдык аймагынын жайыт комитетинин 2020-жылга карата түзүлгөн бюджетинин сметасы бекитилсин.
3. Уюлдук компаниялардын антеналары жайыт жерлеринде жайгашкандыгына байланыштуу ижара төлөмдөрү жайыт комитетинин каражаты катары эсептелсин.
4.Жайыт комитетинин 2020-жылдагы киреше болугу 800 000 (сегиз жуз мин)сом, анын ичинен жер салыгы 55 800 (элүү беш миң сегиз жүз) сом , жергиликтуу бюджетке
33% 245 586 (эки жүз кырк беш миң беш жүз сексен алты) сом , жайыт комитетине
67% 498 614 ( төрт жүз токсон сегиз миң алты жүз он төрт) сом бекитилсин.
5.Өрүктү-Сай айылынын Жалгыз-Кайың участкасына 1 көпүрө,Жүрөк жайлоосуна мал суу ичүүчү каптаж жайыт комитетинин эсебинен курулсун.
6.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
7.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
8. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жайыт комитетинин төрагасы
Н. Арзыматовго, көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин бюджет,экономика,каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |