Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезектеги II сессиясы
2020-жылдын 29-майы № 3
Өрүктү айылындагы Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты көп жылдардан бери капиталдык ремонтко муктаж болгондуктан бул имаратты сметага ылайык капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү максатында айылдык Кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын калкынын саламаттыгын сактоо ,элге сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү үчүн Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү сметага ылайык жүргүзүлсүн.
2. Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн айыл аймактын атайын каражат эсебинен 409 000 (төрт жүз тогуз миң) сом акча каражаты берилсин.
3.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика,каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |