Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезектеги II сессиясы
2020-жылдын 29-майы № 4
Капиталдык ремонт иштеринде жетишпеген курулуш жана башка материалдарды сатып алуу үчүн акча каражатын атайын эсептен (спец счет) бөлүп берүү жөнүндө
Р.Надырбеков атындагы маданият үйүнүн капиталдык ремонт иштери бүтпөй калгандыгына байланыштуу жетишпеген курулуш жана башка материалдарды сатып алуу үчүн акча каражатын атайын эсептен бөлүп берүү максатында айылдык Кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өрүктү айылынын Р.Надырбеков атындагы маданият үйүнүн ремонту түзүлгөн сметага ылайык жүргүзүлсүн .
2. Айыл аймактын атайын каражат эсебинен сметада каралган 880 610 (сегиз жүз сексен миң алты жүз он) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика,каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |