Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезектеги II сессиясы
2020-жылдын 29-май № 5
Орток-Бел массивиндеги кайра бөлүштүрүү фондунун жерин башка контурга алмаштыруу жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын Орток-Бел массивинин кайракы жеринен үлүштөрүн алган жергиликтүү атуулдардын кайрылуу каттарынын негизинде VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орток-Бел массивинен үлүшкө берилген 1745,1675 контурларындагы үлүш жерлерди тактап берүү жөнүндөгү жергиликтүү тургундардын 2020-жылдын 22- майдагы кайрылуу каты эске алынсын.
2. Орток-Бел массивиндеги үлүшкө берилген кайракы жерлер жер үлүшүнө бөлүнүп берилгендиктен Орток-Белдеги кайра бөлүштүрүү фондунун жери 1727 контурга(142,5га) алмаштырылсын жана бекитип берилсин.
3.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Бул токтомдун мыйзамдуулугун көзөмөлдөө жер жана агрардык маселелер, өзгөчө кырдалдар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |